ООЗУҢ КАЙСЫ ДЕСЕ, МУРДУН КӨРСӨТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Тап-такыр эч нерсе билбөө, бир нерсеге акылы жетип, өз алдынча ой жүгүртө албоо, макоолук кылуу. Оозуң кайсы десе, мурдун көрсөтүп тургандан кудай сактасын (Егиналиев). Мунуң оозуң кайсы десе, мурдун көрсөткөн неме экен, кишини жарытпайт го! - деп күлүп койду («Ленинчил жаш»). Кимиси кайсы жумуш аткарарын билбей, оозуң кайсы десең, мурдун көрсөтөт («Чалкан»).